Соцалдык тармактарда бөлүшүп кой

Колдонмодого катталгандар үчүн, колдонмо алынып салынып, кайра орнотулганда, кошумча төлөм талап кылынбайт. Сиз буга чейин өзүңүздүн катталууңуз менен байланыштырган жазылууңузга кирүү менен колдонсоңуз болот, же катталбастан Улантуу баскычын басып, “Сатып алуу” менюсунда сатып алууларды калыбына келтирүү опциясын тандап, аны колдоно берсеңиз болот.

Колдонмонун кеч ачылышынын себептеринин бири – бул интернетке туташуу ылдамдыгыңыз төмөн. Бул тиркеме ачылганга чейинки убакытты жаңыртып турат. Тиркемени оңой ачуу үчүн, сиз маалыматтын жаңыртылышын текшерип чыгыңыз. Интернет ачык турганда маалыматтар дайыма жаңыланып тургандыктан, GPS жайгашкан жери жок убакытты туура колдоно турган болсоңуз, анда интернетке кирүүнү өчүрүп, тиркемени ачууга аракет кылсаңыз болот.

Бул GSM операторлору (Билайн, мегаком, нур телеком) менен колдонмо базарлардын (AppStore, Google Play Store ж.б.) макулдашуусуна байланыштуу кырдаал. Эгерде сиздин GSM оператору кызмат көрсөтүүчү тиркеме базарлары менен мобилдик төлөм келишимин түзбөсө, сиз төлөм жүргүзүүнү каалаган учурда операторуңуз кабыл алынбайт.

Колдонмо ар дайым фондо иштейт, анткени GPS аркылуу жайгашкан жериңизге жараша убакытты автоматтык түрдө аныктайт. Бул батареянын сарпталышына таасирин тийгизиши мүмкүн. Телефонуңуздун батареянын иштөө мөөнөтүн узартуу үчүн, Жөндөөлөрдөн жайгашкан жер жөнүндө маалыматты, эскертме тилкесин өчүрүп, убакытты жөндөөгө болот. Виджетти эскертме тилкесинин ордуна колдонсоңуз болот.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн, виджетти басып, аны жаңыртуу үчүн тиркемеге киришиңиз керек. Жайгашкан жер өзгөрүлүп, колдонмо убакытты автоматтык түрдө алгандан кийин, виджет экранда кайрадан жайгаштырылат.

Колдонмоңузду ачардан мурун, мобилдик телефонуңуздун мобилдик берилиштери жана жайгашкан жерди бөлүшүү үчүн (GPS) күйгүзүлгөнүн текшериңиз. Эгер ушул эле абал улана берсе, анда колдонмону өчүрүп, кайра орнотсоңуз болот. Эч кандай акы алынбайт.